Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Күч түзүмдөрү коога таржымалын тактады


Ош, 11-июнь, 2010-жыл
Ош, 11-июнь, 2010-жыл

Күч түзүмдөрү 2010-жылдагы улут аралык кагылышууга мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары шыкак болгон деген тыянак чыгарды.

Мындан эки ай мурда президент Алмазбек Атамбаев июнь каргашасындагы олуттуу жагдайларды тактап, окуялардын таржымалын кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берген болчу. Буга көмүскөдө калган жагдайларды жана ага түрткү болгон күчтөрдүн басымы алдында чыгарылган буга чейинки окуянын таржымалына толуктоо киргизүү зарылдыгы негиз болгону айтылган.

Эми Коргоо кеңешинин катчылыгынын жетеги астында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча окуялардын айрым жагдайлары менен таржымалына тактоо киргизди.

Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары июнь коогасынын тутанышына шыкак бергени жана сепаратист, криминалдар күнөөлүү экени белгиленген. Бакиев июнь окуясынын чыгышына тиешеси жоктугун айтып, кеңири комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошондой эле 1990-жылдагы Оштогу жана Өзгөндөгү этностор аралык кагылышууларга объективдүү жана принципиалдуу баа берилбей калганы да себептердин бири катары каралууда.

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл
Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл
Айрым саясатчылар ошол убакта бийлик башында турган Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилигин кароо зарылдыгын көп ирет белгилеп келишет. Күч түзүмдөрүнүн маалыматында, Убактылуу өкмөт этностор аралык масштабдуу кагылышууга каршы чара көрүү үчүн жетишерлик саясий, күч ресурстарына ээ болбогону белгиленип, жоопкерчилиги тууралуу сөз болгон эмес.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев айтымында, Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө карата кылмыш жоопкерчилиги жок:

- Эгер алар чара көрбөй койсо, же бир нерсе кылгандан кийин бул окуя болуп кетсе, биз аларды жоопко тартсак болмок. Ошондо жоопкерчилиги каралмак. Бирок биз "өздөрүнүн аракети менен окуяны токтотуп кала алышкан жок" деп айтып атабыз. Бул жерде кылмыш эмес, моралдык жоопкерчилик болуп атат.

Себептер жана божомолдор

Коомчулукта июнь каргашасынын себептери боюнча ар түрдүү божомолдор айтылып, аны иликтеген комиссиялардын ар бири окуянын таржымалын ар башкача сүрөттөгөн. Мындан улам окуялардын кайсынысы ушак, кайсынысы чын экендигин аныктоо кыйынга турган.

Күч түзүмдөрүнүн маалыматына ылайык, сепаратисттердин радикалдуу лидерлери Кыргызстандын түштүгүндө ири бизнес түзүшкөн жана бизнесин сактап калуу үчүн өзбек автономиясын түзүүнүн же бийликке жетүүнү көздөгөн пландарын ишке ашыруунун 2 вариантын даярдаган.

Ош, 13-июнь, 2010-жыл
Ош, 13-июнь, 2010-жыл
Сепаратисттер катарына Кадыржан Батыров, Жалалиддин Салахутдинов, Иномжан Абдурасулов, Давран Сабиров, Карамат Абдуллаева киргизилген. Ал эми аты аталган лидерлер 2010-жылдын 19-апрелинен 10-июнуна чейин өзбек жамаатынын митингдери менен жыйындарында күч жана каражат топтоо тууралуу чакырыктарды жасаганы, максаттарын ишке ашыруу үчүн “Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик уюмун колдонгону жана башка аракеттери белгиленген.

Мындан сырткары өзбек маалелеринин ортосундагы тосмолорду курулганы, алдын ала үйлөрдүн чатырларына SOS, HELP деп жазганы да айыпталган. Анткен менен өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров:

- Алдына темир ширетилген "Камаз" болгон деп бардык адамдарды жалган маалымат менен адаштырышкан. Ал эми тосмолор тууралуу айтсам, Фурхат, Батыш кичи райондорунда үйлөр күйө баштаганда шаар тургундары дарактар, унаалар менен тосушкан. Жараштыруу дейт, бул жерде эл урушкан жок. Бул - акчага сатылган бийликтин иши. Мурда кандай жашасак ошондой жашап жатабыз. Бийлик азыр да өздөрүнүн айыптарын башкалардын мойнуна илип, уруп-согуп соттоп жатат.

Таржымалдарды тактоо үчүн апрель, июнь окуяларынын келип чыгыш себептерин иликтеген Улуттук комиссиянын маалыматтары колдонулган.

Жоопкерчилик кимге жүктөлөт?

Окуянын кайталанбашы үчүн бир катар сунуштар берилген. Алар: Кыргызстандын элин бириктирүүгө багытталган программалуу документти иштеп чыгуу, этностор аралык ынтымакты бекемдөөдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү, тил саясатынын натыйжалуулугун, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, Кыргызстан элинин ар түрдүү маданиятын, тилин, тарыхын, салттарын, мурастарын сактоо жана башкалар.

Мындан сырткары Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин, анын жакындарынын, ошондой эле Кадыржан Батыровдун жана сепаратисттердин башка лидерлеринин кылган ишине укуктук баа берүү керектиги белгиленген. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жана этностор аралык мамилелер боюнча облустук, райондук, жергиликтүү бийликке кеңеш берүүчү органдардын ролун жана макамын жогорулатуу айтылган.

Ош, 17-июнь, 2010-жыл
Ош, 17-июнь, 2010-жыл
Аталган комиссиянын мүчөсү, серепчи Табылды Акеровдун айтымында, окуянын таржымалы мурдагыларга салыштырмалуу катаалырак жана тагырак жазылган. Бирок окуяны болтурбоо чараларынын механизмдери такыр көрсөтүлгөн да эмес.

- Ишке ашыруу жолдору, механизмдери такыр жок. Тартип коргоо органдары болуп жаткандыгы түшүнүктүү, бирок Коопсуздук кызматы кошулуп жаткандан кийин конкреттүү чараларды көрсөтсө болмок. Ушундан ары эле эл тынч жашап калат деп айтуу кыйын. Ал эми менин түшүнүгүмдө Убактылуу өкмөттүн эки жетекчиси жоопко тартылыш керек. Булар: өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев. Анткени экөөнө тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тогуз жолу маалымат келген.

Маалыматта жергиликтүү бийлик жетекчилеринин да жоопкерчилиги жана окуяны алдын алуу чараларын көрбөгөнү белгиленген.

Жумушчу топтун июнь каргашасынын таржымалын жана жагдайларын аныктоо иш-аракеттери жаңыдан табылып жаткан фактылардын негизинде уланууда.

Архивден: Темир ширетилген "Камаз" жана курал-жарактар


Ош: элден чогултулган курал-жарактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00
XS
SM
MD
LG