Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Эгемен жылдары 53 милиция иш учурунда каза тапкан


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1991-жылдан ушул күнгө чейин Кыргызстанда 53 милиция кызматын аткарып жүрүп каза тапкан. Алардын ичинен 11и июнь коогасында набыт болгон.

Бүгүн кызмат маалында каза тапкан милиция кызматкерлеринин элесине арналган “Абийир жана атак” деп аталган эл аралык унаа жүрүш Бишкекке келет. Андан кийин Ысык-Көлгө жөнөп кетет. Жүрүшкө Кыргызстандан сырткары Орусиянын, Казакстандын өкүлдөрү катышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG