Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сегиз куткаруучусу Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында сууга чөккөн он эки жаштагы Бурулкан Набазованы издөөнү улантууда. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов Набазова 7-июнда аталган шаардагы жеке менчик шахтанын чакан көлмөсүнө чөгүп кеткендигин жана издөө иштеринен натыйжа чыкпай жатканын билдирди.
Андан сырткары Токтогулда беш куткаруучу эки күндөн бери Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 43 жаштагы тургуну Жанузак Каиповду издешүүдө. Ал 28-майда райондогу Узун-Акмат суусуна агып кеткен. Анын туугандары суу жээгинен анын бут кийимин табышкан. (КЕ/YA)