Бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына сынак аркылуу келген кадрлар менен жолукту. Анда өкмөт башчы экономикалык кылмыштын бетин ачууда келип түшкөн кирешенин 30 пайызы аталган кызматтын эсебине которуларын, ошол кылмышты ачкан кызматкердин айлыгына кошумча акча берилерин айтты.
Өкмөттүн коррупцияга каршы планына ылайык, Каржы полициясы жоюлуп, ордуна Экономикалык кылмыштар менен күрөш кызматы түзүлгөн болчу. Жаңы кызматка кадрлар сынак аркылуу тандалып алынган. Алардын 40 пайызы мурда Каржы полициясында иштегендер.
Мындан мурдарак президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн коррупцияга каршы аракеттерин сынга алган болчу. (EBM)