Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Чектен чыккан футбол күйөрмандары Польшадан чыгарылат


Польшанын ички иштер министри Яцек Чихоцкий эгерде футбол күйөрмандары олуттуу тартип бузса, анда күч органдары аларды Варшавадан чыгарып салаарын эскертти. “Кечээ футболдук беттешке чейин тартипсиздик кылган орусиялык күйөрмандардын ишин эки күндүн ичинде сот карайт, алардын көбүн өлкөдөн чыгарабыз”, деди министр.

Шейшембиде Евро-2012 футбол мелдеши өтүп жаткан Варшавада орус жана поляк күйөрмандар кагылышып, полиция күч колдонуу менен башаламандыкты токтоткон.

XS
SM
MD
LG