Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргыз режиссердун тасмасы Британияда көрсөтүлдү


Чыӊгыз Нарыновдун кыска метраждуу тасмасы Британиянын "Шеффилд Док Фест" аттуу даректүү тасмалардын фестивалында көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" режиссер өзү маалымдады.

- Менин тасмам "Ала-Тоо" аянтында иштеп жаткан жарандар, биздин азыркы тарыхыбыздын күбөлөрү тууралуу баяндайт. Булар: революциялар, ар кандай чогулуштар, концерттер, өлкө башчыларынын элге чыгып сүйлөгөндөрү. Аянтты тейлеп жаткандар: сүрөтчүлөр, оюнчук жана балмуздак сатуучулар. Бул тасма ушундай кичинекей эл, күн сайын акча таап, биздин тарыхыбыздын күбөсү болуп тургандар жөнүндө.

13 мүнөттүк "Ала-Тоо" аттуу кыска метраждуу тасма Британиянын борборунда жайгашкан Шеффилд шаарында 15-июнда көрсөтүлдү. "Шеффилд Док Фест" фестивалында дүйнөнүн ар бурчунан чогулган даректүү толук жана кыска форматтуу тасмалар көрсөтүлүп, кинону сүйүүчүлөр жана режиссер, продюсерлер жолугушуп, баарлашат.

Тасма мурунку Советтер союзуна кирген 15 өлкөнүн жаштарын чагылдыруу долбоорунун алкагында былтыр жайында тартылган. Ал Францияда монтаждалып, алгач Германияда тартууланган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG