Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Грецияда консерваторлор өкмөт боюнча сүйлөшүү баштады


Грециянын консервативдүү “Жаңы демократия” партиясы өкмөт куруу максатында башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү баштоодо. Жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо партия көпчүлүк добуштарды утуп алды. Грециядагы шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин азиялык жана европалык биржаларда өсүш байкалды, евронун курсу да көтөрүлдү. Консерваторлор өлкө Европа Биримдиги жана эл аралык финансы институттары менен түзүлгөн макулдашууларды урматтаарын убада кылууда. Буга чейин солчул СИРИЗА блогу жеңсе, Греция бюджетти үндөмдөө программасынан баш тартат, натыйжада кредит ала албай биридиктүү валюта мейкиндигинен чыгат деген кооптонуулар айтылып келген. Бюллетендердин дээрлик 100 проценти саналып бүткөн кезде пайда болгон маалыматка ылайык, “Жаңы демократия” партиясы 30 процентке, СИРИЗА – 27 процентке жакын добуш алды. Марага үчүнчү болуп келген социалисттердин ПАСОК кыймылы консерваторлор менен коалицияга кирүүгө каршы эмес, бирок “Улуттук биримдик өкмөтүнө” башка солчул партиялар менен кыймылдар кирүүгө тийиш деген шарт коюуда.

XS
SM
MD
LG