Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Гемофилиянын дарысы түгөнүп баратат


Кыргызстанда гемофилия оорусуна чалдыккандардын дарысы түгөнүп баратат. Жаңысын мамлекет качан сатып алаары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Гемофилия менен ооруган майыптар уюмунун жетекчиси Сергей Филиппенко билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда гемофилияга чалдыккан 350 адам бар. Алардын 96сы - балдар. Кандын нормага ылайык деңгээлде коюу болуп турушун камсыз кылуучу атайын дарыны өкмөт чет мамлекеттен сатып алып, бейтапкана аркылуу таратып берет. Учурда анын 18 флакону гана калды.

Гемофилия - тукум кууган оору. Ага чалдыккандардын каны атайын дары салмайынча ашкере суюк болуп, коюулбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG