Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

БУУ Качкындардын дүйнөлүк күнүн белгилөөдө


Ооган качкындары БУУнун Качкындар комиссариатынын Пешевардагы каттоо борборунда.
Ооган качкындары БУУнун Качкындар комиссариатынын Пешевардагы каттоо борборунда.
Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариатынын маалыматына караганда, азыр дүйнөдө качкындардын жана өлкө ичинде жер которууга мажбурлар саны 43,7 миллиондон ашат.

БУУнун Качкындар комиссариатынын Жакшылык элчиси, америкалык белгилүү актриса Анжелина Жоли бүгүнү видеокайрылуусунда буларга токтолду:

- Дүйнөдө ар мүнөттө сегиз адам согуштан жана куугунтуктан улам үйүн таштоого аргасыз. Качкын болууну эч ким тандабайт. Бүгүн дүйнө боюнча 43 миллиондон ашуун адам качкын. Биз бүгүн аларды эстейбиз.

Качкындар комиссариаты билдиргендей, былтыркы жаңжалдардан дүйнөдө 800 миңдей жаңы качкын пайда болгон. Качкындар саны көбөйүшүнө Ливия, Судан, Сомалидеги кагылыштар салым кошту. Ооганстан мурдагыдай эле качкындардын башкы булагы бойдон калды. Ооган качкындарынын саны азыр 2,7 миллионго жетет. (UE)

XS
SM
MD
LG