Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда


Баткен облусунун борборунда азыр кырдаал тынч экенин, милиция күчөтүлгөн тартиптеги ишин улантып жатканын “ Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбеков билдирди. Анын айтымында, 21-22-июнь күндөрү тажик жарандарын барымтага алууну уюштурууга жана эки күн мурдагы тополоңго тиешеси бар делген эки адамды издөө иштери жүрүүдө. Азыр бул окуяларга катышканы шектелген 5 адам кармалып турат. Ошондой эле тополоң чыккан Баткен шаарынын Базар-Башы конушунун тургундарына түшүндүрүү иштери уланууда.

20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын кошуна Исфара районунда ири көлөмдөгү (90 кг.дан ашуун) сымап алып жүргөнү үчүн кармалган. Анын эртеси күнү кармалган адамдардын жакындары Баткендин чек арадагы Кара-Бак айылына базарга келген 19 тажик жаранын барымтага алып, Тажикстанда кармалгандарды бошотуу талабын койгон. Барымтадагылар ошол эле күнү милиция кийлигишүүсү менен бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөн. Бирок эртеси, 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Тополоңдо бир милиция кызматкерине ок тийип, жаракат алган. (SM)

XS
SM
MD
LG