Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Кыргыз тарыхын жатык тилде жазчулар аныкталды


Кыргыздар менен Кыргызстандын байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын жатык тилде жазууну максат кылган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 5 миллион сомдук автордук калем акыны тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген автордук топ жеңип алды. Жеңүүчүлөргө сертификат бүгүн ыйгарылмакчы. Эми бул топ 7 томдон турары болжолдонгон тарыхты жатык тилде жазып чыгууга тийиш. Бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен өткөрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG