Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыйноого каршы музыкалык акция өтөт


Бүгүн Бишкекте Эл аралык кыйноо курмандыктарын колдоо күнүнө карата музыкалык акция өтөт. Акция жаштардын кыйноого каршы көз карашын көрсөтүү жана жарандарды коомдо активдүү болууга чакыруу максатын көздөйт. Уюштуруучулардын бири, “Эркиндик үнү” укук коргоо уюмунун жетекчиси Сардар Багышбековдун “Азаттыкка” белгилешинче, кыйноого кабылгандардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинкилер.

“Былтыркы жылга караганда кыйноо фактылары боюнча келген арыздар быйыл көбөйүп атат. Өткөн жылы прокуратура органдарына баш-аягы 295 арыз түшкөн. Анын ичинен 54 кылмыш иши козголуп, калгандарынан баш тартышкан. Кандайдыр бир иш аракеттер өткөрүлгөн, бирок далилденген эмес”, - дейт Багышбеков.

Кыйноого каршы уюштурулган музыкалык акцияга КВНдин белгилүү командалары жана ар кайсы жанрда ырдаган музыкант, ырчылар катышат. Иш-чарада кыйноого кабылган учурларда кимге, кантип кайрылуу керектиги маалымдалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG