Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Клинтон Сирия боюнча катуу турууга чакырды


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Хелсинкиде сүйлөгөн сөзүндө Сирия боюнча Орусия менен пикир келишпестиктер кала берип жаткандыгын белгилеп, эл аралык коомчулук катуу турбаса, жарандык согуш коркунучу чыгып кетиши бардык тараптарды тынчсыздандырып жатканын эскертти.

БУУнун адам укуктары кеңеши шаршембиде Сирия армиясынын акыркы үч айдагы укук бузуулары кооптондуруучу чекке жеткендигин билдирген. Ал эми эл аралык арачы Кофи Аннан Сирия боюнча министрлер аралык саммит Женевада өтөөрүн билдирди. Аннандын айтымында, саммитте Сирия боюнча Аракет тобу алты бөлүмдөн турган тынчтык планы толук аткарылышын кепилдөөнүн жолдорун карайт. Кабарларга караганда, жыйынга Иран менен Сауд Аравия чакырылган жок.

XS
SM
MD
LG