Жалал-Абадда 2005-жылдын март окуясында милиция жоготкон тапанча табылып, ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" облус милициясынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди.
Жалал-Абаддын 33 жаштагы тургуну 28-июнда Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны cегиз огу менен кайтарып берди. Ал тапанча менен ок салынган кара түстөгү баштыкты Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу ат майдандагы жолдун четинен таап алып, ошол замат Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлаган. Табылган курал боюнча экспертиза анын 2005-жылы Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнөн жоголгонун аныктады.
Таалайбек Сусунбаевдин айтымында 2005, 2010-жылдардагы массалык баш аламандык окуялар учурунда облуста күч түзүмдөрүнө таандык 113 курал элдин колуна өтүп кеткен. Бүгүнкү күнгө карата анын 88и гана кайтарылды. Калганы дагы эле издөөдө. (YA/RK)