Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Бишкекте азиздер үчүн светофорлор орнотула баштады


Бишкекте азиздер үчүн атайын светофорлор орнотула баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаар мэриясынан кабарлашты. Азиздерге үн аркылуу белги берип турчу атайын жабдуу Бишкектин 13 жерине кошумча орнотулат. Жалпысынан шаардык бюджеттен 840 миң сом сарпталмай болууда. Мындай атайын баскычы бар светофорлор көзү көрбөгөн майыптар көбүрөөк жашаган, унаа кыймылы көп көчө кесилиштерине коюлат.

Жарандык активисттердин маалыматына караганда, Кыргызстанда 133 миң майып жашайт. Алардын көпчүлүгү жаштар жана кичине балдар. 1, 2 жана 3-топтогу майыптардын саны алты миң киши. (RK)

XS
SM
MD
LG