Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Кызалакова: бачабаздын курмандыгы өзүн күнөөлөйт


Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган балдардын окуялары көп каттала баштады.

Бачабаздыкты (педофилия) алдын-алуу, балдарды коргоо жана аларга жардам берүүнүн жолдорун сексуалдык зомбулукка кабылган балдар менен иштеп келаткан “Балдардын укугун коргоо” лигасынын психологу Айгүл Кызалакова айтып берди.

"Азаттык": Кыргызстанда бачабаздыктын көп катталып жатышынын себеби эмнеде?

Айгүл Кызалакова: Биринчиден, изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, бачабаздар 3-13 жаш арасындагы дене мүчөсү өнүгүп келаткан балдарга кызыгат. Экинчиден, алар өздөрүн коргой албайт.

Мунун көбөйүп жатышынын себеби кичинесинде зомбулук көргөн адам чоңойгондо сөзсүз ошону жасайт. 16-17 жаштагы балдар өзүнөн кичинекейлерди зордуктаса, бул да педофилия деп аталат.

"Азаттык": Канткенде балдарды бачабаздардан коргоп калабыз?

Айгүл Кызалакова: Биринчи кезекте ата-эне балдарга "эч ким денеңе колун тийгизбесин, жакындабасын, бир жерге чакырып жатса барба, кыйкырып жардам сура" деп үйрөтүш керек. Ал үчүн ата-эне баласынын ишениминде болуш керек, антпесе балдар айтпайт.

Педофилдер айрым учурда курмандыктарына "бул жөнөкөй эле көрүнүш, бардык ата-энелер, байкелер ушинтет " деп айтышат. Кыздарга, балдарга "мындай көрүнүш норма эмес" деп түшүндүрүү зарыл.

"Азаттык": Сексуалдык зомбулукка кабылган балдарга ата-энеси, жакындары же психолог эң оболу кандай жардам көрсөтүш керек?

Айгүл Кызалакова: Үйдөгү мамиле абдан жумшак болуш керек. Мындай балдар өздөрүн күнөөлөйт. Бул кокустук экенин, баланын күнөөсү жок экенин, аны жакшы көрөрүңдү түшүндүрүш керек. Мурда сексуалдык аракет эмне экенин билбеген баланын жүрүш-турушу өзгөрүп калат, оюндарында да ошону чагылдырат. Мындай көрүнүш ата-эненин кыжырын келтириши мүмкүн. Бул учурда баланы жек көрбөй, түшүнүш керек.

Зордукталган балдардын кыймыл-аракети, эмоционалдык абалы, окуп үйрөнүү жөндөмдүүлүгү бузулат. Сексуалдык жараат көпкө чейин сакталат. Мен бир кыз менен 3 жыл иштедим, ошондо да анын эсинен кетип калган жок. Жада калса баланын психикасына 20 жылдан кийин таасир этиши мүмкүн. Аны адис психологдор оңдойбуз. Ал эми адис тарабынан ата-эне да жардамга муктаж. Айрымдары окуяны өзүнүн башынан өткөргөндөй кыйналышат.

"Азаттык": Кандай адамдар балдарды зордуктоого барат, бачабаз деп кимди айтабыз?

Айгүл Кызалакова: Өздөрү зордукталгандар башкаларга да ошол мамилени кылат. Көбүнчө кордук көрүп, сабалып, ар намысы тебеленген адамдар ушундай ишке барат. Алар өздөрүн далилдегиси келет.

"Азаттык": Бачабаздыкка кантип бөгөт коюу керек?

Айгүл Кызалакова: Менин оюмча мыйзам түрүндө сөзсүз жаза берилиш керек. Иш козголуп, бирок акча берип, же башка жолдор менен соттолбой, жазасын албай калган бир нече адамдын ишин билем. Баш мыйзамды бузуп жатканы айтылып, чындап жазасын алышса, мындай көрүнүштөр көп болбойт эле. Ал эми бизде болсо акча берип кутулуп кетем деп каалаганын жасап жатышат.

XS
SM
MD
LG