Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Жалалабаддык спортчулар ынтымак мелдешине камданууда


"Элдердин достугу үчүн" аттуу мелдешти Жалал-Абадда 25-августта өткөрүү каралууда. Кикбокс жана эрежесиз эр уруш оюндары боюнча боло турган бул таймашка Орусия жана коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышары күтүлүүдө.

Мелдештин демилгечиси жана облустагы чыгыш-таймаш федерациясынын төрагасы, эмгек сиңирген машыктыруучу Алишер Акимбаев оюн Ооганстанда набыт болгон классташтары - Советтер Союзунун Баатыры Юрий Исламов, "Кызыл жылдыз" орденинин ээси Алымбек Каиповдун жана Сабыралы Кенжебаевдин элесине арналып, улуттар аралык ынтымакка чакыруу максатын көздөрүн билдирди. Анын тарбиялануучулары Абай Махмуджанов кикбокс боюнча дүйнө чемпиону, ал чемпионатта Жээнтай уулу Нурлан күмүш, Равшан Саитов коло медаль алып, Алтынбек Акимбаев Евразия чемпиону, Бекжан уулу Адилет эки ирет республикасынын чемпиону болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG