Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

"Санпа" окуясы боюнча соттолгондордун туугандары президентке кайрылды


Кайрылууга соттолгондордун 14 тууганы кол койгон. Алар жаза өтөө жайларынын биринде өткөн айда көз жумган айыпкер Гафуржан Абдурахмановдун өлүмүнө байланыштуу өз өмүрү үчүн кооптонуп жаткандыктарын жана түрмөдө отурган туугандарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданышарын билдиришти.

Президент менен өкмөт алдындагы жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы К.Кенебаевден коогалаң боюнча айыпталып, эркинен ажыратылган жакындарын Оштогу тергөө абагынан (5-СИЗОдон) Чүй облусундагы түзөтүү колонияларына которбоону өтүнүштү.

Кайрылуу Жалал-Абаддагы "Адилеттик" (Справедливость) укук коргоочу уюму аркылуу 16-июлда жөнөтүлдү.

"Санпа" окуясына байланыштуу 19 адам соттолуп, алардын он сегизи өмүр бою эркинен ажыратылып, бирөө 25 жылга соттолгон. Өмүр бою абакка кесилгендердин бири Г.Абдурахманов абакта асынып өлгөнү маалымдалган.

"Санпа" окуясында соттук материалдар боюнча Ош-Бишкек жолу менен үйүнө кайтып бараткан он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Облустук ички иштер башкармасы окуяда он алты киши набыт болуп, тогуз машине өрттөлгөнүн билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG