Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Сирия Эркин армиясы: Дамасктын четин көзөмөлгө алдык


Сирия Эркин армиясынын аскердик кеңеши Дамасктын жака белиндеги конуштарды өз көзөмөлүнө алганын ырастоодо. Кеңештин маалымат катчысы Ахмед ал-Хитаб Мидан жана Тадамон райондору өкмөттүн көзөмөлүнөн чыкканын билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес. Бирок кээ бир кабарларга караганда, козголоңчулар баш калаада куралдуу күчтөрдүн танктарын аткылап жатышты.

Өкмөттүк армия оппозициялык согушкерлерди курчоого алууга аракеттенишкени, аэропортко карай жол буулганы маалымдалууда.

Сириядагы кан төгүү БУУнун чабарманы Кофи Аннан менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Москвадагы кездешүүсүндө талкууланды. Министр Орусия Сирия президенти Башар Асадды кызматынан кетүүгө үндөй албайт деди.

XS
SM
MD
LG