Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Маңзатты көзөмөлдөө кызматы комиссия тыянагына макул эмес


Маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы аларды текшерген мекемелер аралык комиссияны айыптап, билдирүү таратты. Анда комиссия аталган кызматты текшергенде ушактарга жана такталбаган божомолдорго таянганы белгиленген. Түзүлгөн кырдаалга эл аралык маңзат мафиясынын тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомол айтылган.

Коргоо кеңеши аталган кызматтын төрагасын иштен четтетүү сунушу маңзатка каршы күрөштү туруксуздаштырат деп билдирген.

Буга чейин мекемелер аралык комиссия Маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын ишин текшерип, аталган кызматта бир топ олуттуу алешемдиктер бар экени аныкталганы маалымдалган. Коргоо кеңеши комиссиянын корутундусун талкуулап, кызматтын жетекчиси Виталий Орозалиевди кызматтан алуу тууралуу сунуш берген.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматы Кыргызстанда өтүп бараткан жылы маңзат 23 эсе көп кармалды деп билдирген болчу.

Айрым эксперттер аталган кызмат чекене менен кара куурайды гана колго түшүрүп, героин жана апийим өндүү оор түрлөрүн кармай албай жатканын сынга алып жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG