Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Москвада баңгиден өлгөндөрдүн саны кескин өстү


Орусиянын Баңги көзөмөлү боюнча Федералдык кызматынын башчысы Вячеслав Давыдов кечээ кабарлагандай, быйыл жыл башынан бери баш калаада баңгинин ашыкча дозасынан өлгөндөрдүн саны 202 адамга жеткен. Бул, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, эки эсеге көп дегенди билдирет. Давыдов наркотиктен өлгөндөрдүн көбөйүп кетишин соңку кездери “үйдө жасалган” баңгини колдогондор көбөйгөнү жана начар сапаттагы маңзат кеңири тараганы менен түшүндүрдү.
Бул арада Баңги көзөмөлү боюнча федералдык кызматтын офицерлери Сибирдеги Кемерово облусунда 8 килограмм таза ооган героини табылганын кабарлашты. Мунун алдынан кечээ президент Владимир Путин Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча аталган федералдык кызматтын штатын төрт жылдын ичинде 15% кыскартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

XS
SM
MD
LG