Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Күч органдары коррупцияга каршы күрөштүн эсебин берди


Өкмөттүн 18-июлдагы жыйынында күч органдарынын жетекчилери ушул жылдын башынан тарта коррупцияга каршы жасалган иштер боюнча отчет берди.

УКМКнын маалыматына караганда, бул кызмат жыл башынан бери коррупциялык аракеттер үчүн 163 иш козгоп, алардын 23үн сотко өткөргөн. Мунун эсебинен мамлекетке 30 миллион сомдон ашык каражат өндүргөн.

Ал эми ИИМ жемкордукка байланышкан 311 иш козгосо, Башкы прокуратура мындай аракеттерге каршы 650 ашык кылмыш ишин ачкан.

Жалпысынан коррупциялык аракеттерден ушул жылы мамлекетке 570 миллион сомдон ашык чыгаша келтирилген. Мындан улам өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов күч органдарынан коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтүүнү тапшырып, мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз текшерип турууну тапшырды.

Кыргызстанда быйылтан тарта коррупцияга каршы атайын кампания жүрүп жатат. Эл аралык "Транспэренси Интернэшнл" уюмунун берген баасы боюнча Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 166-орунда турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG