Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Аскаровдун иши боюнча ачык кат жолдонду


Укук коргоочулардын укугун коргоочу Эл аралык обсерватория, Эл аралык адам укуктарын коргоо федерациясы жана кыйноолорго каршы Дүйнөлүк уюм Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана бийлигине ачык кат жолдоду.

Укук коргоочулардын эл аралык уюмдары Башкы прокуратуранын дарегине жолдогон катында июнь коогасында киши өлтүрүү фактысы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра башынан териштирүүгө чакырган. Анда негизги окуяны башынан аягына чейин ачык-айкын, бейтарап, эл аралык укук эрежелерине ылайык териштирүү, күбөлөрдүн жана жактоочулардын коопсуздугун эске алуу сунушталган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начар экендиги эске салынып, ал психологиялык жардамга, ооруканага жатып дарыланууга муктаж экендиги баса көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча эл аралык уюмдардан кат келе электигин, буга байланыштуу азырынча комментарий берилбестигин билдирди.

Аскаровду колдогон акциядан бир көрүнүш, 9-декабрь, 2011-жыл
Аскаровду колдогон акциядан бир көрүнүш, 9-декабрь, 2011-жыл
Буга чейин Аскаровдун жактоочусу менен аялы укук коргоочуга козголгон кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылышкан. Облустук прокуратурадан “Азаттыкка” маалымдашкандай, ишти кайра кароого жагдайлар жетишсиз болчу.

Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов да Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу максатында Бириккен улуттар уюмунун адам укугун коргоо комитетине кайрылуу камылгасын көрүп жүрөт.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар кесиптешине карата сот адилет болгон жок деген көз караштарын маал-маалы менен билдирип келатышат. Алардын бири – “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова адам укугу жаатындагы эл аралык белдүү уюмдардын ачык катын көңүл борборуна алып, андагы суроо-талаптарды аткаруу кыргыз бийлигинин эл аралык аброю үчүн керек деп эсептейт:

- Ал жалгыз гана Аскаровго эмес, жалпы кыргызстандыктарга, кыргыз мамлекетине керек. Бул системага керек. Бүгүнкү мыйзамдуулук келип жаткан учурда укук коргоочунун түрмөдө отурушу – биздин мамлекет үчүн уят.

Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек жарандардын ортосундагы кандуу жаңжал учурунда Базар-Коргон районунда милициянын кызматкерин элдин алдында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө, башаламандыкка чакырган деген айыптар боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал азыр Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Чынара Бечелова. 6-сентябрь, 2010-жыл
Чынара Бечелова. 6-сентябрь, 2010-жыл
Ошол кандуу окуяда өлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жакындары жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Аскаровду бир жактуу жактап жатышат деген ойдо. Маркум милиционердин жесири Чынара Бечелова Азимжан Аскаров кылган күнөөсү үчүн жоопко тартылды деп эсептейт:

- Сот адилет өткөн. Сотто бардык милиционерлер, ошол Аскаров менен кошо соттолгондор деле көрсөтмө беришкен, Азимжан Аскаров кандуу окуя болгон учурда ошол жерде турганын айтышкан. Бардык сот бутактары, Жогорку Сот да өз чечимин чыгарып, чекитин койгондон кийин деле кайра-кайра сотту бузабыз дегенди токтотушпайбы. Ошончо кылмыш кылып, кылмышы далилденген соң мойнуна алышы керек. Аскаров менин күйөөмө эле эмес, жалпы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө каршы чыккан. Сотту буздурабыз деп аткан эл аралык уюмдардан бирөө келип, биздин абалыбызды сурап койгон жок.

Өз кезегинде Кыргызстандын Жогорку Соту да Азимжан Аскаровго карата мыйзамдуу жана адилет чечим чыгарылганын белгилеген. Улуттар уюмунун адам укугу боюнча башкы комиссары Нэви Пиллэй өзбек тектүү укук коргоочуга чыккан сот чечимине өкүнүчүн билдирген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG