Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Аба ырайы: 24-июлда айрым жерлерде өткүн өтөт


Шашылыш билдирүү
Аба ырайын маалымдоочу борбордон кабарлашкандай, 23-июлдан 26-июлга чейин республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Аба ырайы

24-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35;
Талас облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33;
Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23; күндүз +29...+34;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26;
Нарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +20...+25.
Тоолордо түнкүсүн -1...+6, күндүз +7...+12

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 32…34 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июлда эртеӊ менен 21 градус болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG