Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Бээжиндиктер катуу жаандагы бийлик аракетине нааразы


Кытай өкмөтүнүн өткөн аптадагы жаанга удаалаш суу ташкындагы аракетине миллиондогон кытайлыктар нааразы экенин интернет аркылуу билдиришүүдө. Бээжинде акыркы 60 жылдагы эң катуу жаандан пайда болгон селде 37 киши набыт болгону расмий маалымдалган. Алардын көбү имараттар кулап, же үзүлгөн электр зымдарына тийип өлүшкөн.

Популярдуу Sina Weibo сайты аркылуу бийликтердин табигый апаат тууралуу алдын ала эскертпегенине 9 миллиондой адам нааразылык айтты. Өкмөттүк медиабулактар жаанга каршы 20 миллиондуу шаардын калкы жапырт күрөшүп, полиция адамдарды куткарууда эбегейсиз эрдик көрсөткөнүн даңазалоодо.

XS
SM
MD
LG