Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстандын чек ара кызматы кошуна өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салууда


Ушул тапта Өзбекстандын Кыргызстанга жакын Анжиян облусундагы митинг жана Тажикстандын Хорог шаарындагы терактка байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы чек ара кызматы “Азаттыкка” маалымат берди. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, эки окуя тең кошуна өлкөлөрдүн ичинде болуп жаткандыктан Кыргызстан коопсуздугуна таасири тийбейт. Учурда чек арачылар кадимкидей тартипте иштеп жатышат, бирок кошуна өлкөлөрдөгү окуяларга байкоо салып, маалымат топтогон оперативдүү органдардын иши күчөтүлдү.

Ушул тапта Өзбекстандын Анжиян облусунда эки миңден ашуун адам митингге чыгып, былтыр буздурулган үйлөрү үчүн компенсация талап кылып жатышканын www.uznews.net. сайты жазып чыкты.

Ал эми Тажикстандын Хорог шаарында кечээ кечинде террордук акт катталып, Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Рушан районунун прокурору оор жараат алганын “Азия плюс” маалымат агенттиги жазды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG