Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Асад химиялык куралдарды козгодубу?


Эркин Сирия армиясынын жоокерлери Хомс шаарынын четиндеги уруш кезинде. 14-июль 2012
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери Хомс шаарынын четиндеги уруш кезинде. 14-июль 2012

Сириялык адаватчылар улуттук өкмөт химиялык куралдарын өлкөнүн чек арасына чукул аймактарга жылдырып жатканын билдирди.

Бирок бул маалыматты Сириянын өкмөтү жана башка булактар тастыктай элек. Адаватчылар береги билдирүүнү Сириянын Тышкы иштер министрлиги кокус өлкөгө сырттан кол салынса, ага каршы химиялык куралдарды колдонушу мүмкүн экенин эскерткенден бир күндөн кийин жасалды.

Сирия өкмөтү химиялык куралдарды мурда сакталган жайларынан жылдырып, чек арага жакын жердеги аэропортторго жайгаштырууда. Муну козголоңчулар тастыктаганын оппозициядагы Эркин Сирия армиясынан генерал-майор Касем Саеддин 24-июлда билдирди.

Эрегишчилер мындай билдирүүнү Сирия өкмөтү кокус өлкөгө тышкы күчтөр басып киришсе, аларга каршы химиялык куралды колдонорун эскерткенден бир күндөн соң жасашты.

23-июлда Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдиси кандай катаал жагдай болбосун, өкмөт ар кандай куралдарды өлкө жарандарына каршы колдонбосун айтуу менен мындай деп билдирген болчу:

- Сирия Араб Республикасынын карамагындагы ар кандай массалык кыргын салчу, же кадимки куралдар азыркы кризис учурунда кандай гана жагдайда болбосун, кризис кандай өнүкпөсүн эч качан жарандарга же Сирия элине каршы колдонулбайт.

Жихад Макдиси химиялык куралдар сакталчу жайларды аскерлер этият күзөтүп жатканын да кошумчалаган.

Бул Сирия өкмөтү адамдарга массалык кыргын салчу куралга ээ экенин биринчи жолу мойнуна алуусу.

Бул билдирүүгө байланыштуу ошол эле күнү АКШ президенти Барак Обама Сириянын президенти Башар Асадга жана анын өкмөтүнө непада химиялык куралдар колдонулчу болсо, алар эл аралык коомчулук алдында “жооп берерин” эскерткен:

- Биз бүгүн Сириянын элин келечектеги жакшы жашоого үмүткер кылуу үчүн, Асаддын режиминен эркин болуусу үчүн иштеп жатабыз. Бул режим химиялык куралга ээ болгондуктан,Асаддын жана анын тегерегиндегилердин эсине салабыз: дүйнө байкоо салып турат; эгерде алар трагедиялык жаңылыштыкка барып, бул курал колдонулчу болсо, бул адамдар эл аралык коомчулук жана Кошмо Штаттар тарабынан жоопкерчиликке тартылат.

Израилдик эксперт, отставкадагы генерал Амос Гиладдын сөзүнчө, Израил жектекчилиги азыр Сириядагы режим өлкөнүн химиялык куралдарын толук көзөмөлдөп турат деген ишенимде.

Эл аралык Global Security институтунун маалыматына караганда, Сирияда химиялык куралдарды сактоочу төрт жер бар. Алардын бири Дамасктын түндүк четинде, экинчиси Асадга каршы көтөрүштүн очогу Хомс шаарында, үчүнчүсү Хамада, төртүнчүсү Жер Ортолук деңизинин боюндагы Латакия портунда жайгашкан.

Сирия Химиялык куралдар боюнча дүйнөлүк келишимге кошулган эмес. Бул келишим химиялык куралдарды колдонууну чектөөгө багытталган.

Расмий Дамаск ошол эле учурда Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салчу куралдарга жапырт тыйуу салууну колдогон. Бирок коңшулаш Израил өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп турганда Сирия бир тараптуу түрдө химиялык куралдан баш тарта албасын билдирген.

Талдоочулардын айтышынча, Сирияда 1973-жылдан кийин химиялык куралдарды жасагандай жана ага зарыл көздөн жаш агызчу, тамакты кычыштырып ууктурчу, ошондой эле нерв системасын шал кылчу газдарды өндүрчү ишканалары бар.

Сирия мындай массалык кыргын салчу куралдын канчасына ээ экени жөнүндө так маалымат жок. Ал эми АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун эсебинче, Сирияда бир нече жүз литр химиялык куралы бар жана жылына бир нече жүз тонна химиялык куралга керектүү заттарды өндүрөт.

XS
SM
MD
LG