Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Ирак сириялык качкындарга чек арасын ачты


Сириялык кыз эки өлкөнүн негизги чек ара бекетинен өткөн жердеги лагерде, 24-июль, 2012
Сириялык кыз эки өлкөнүн негизги чек ара бекетинен өткөн жердеги лагерде, 24-июль, 2012

Сириядагы согуштан качкан ирактык жарандарды жана сириялыктарды кабыл алыш үчүн Ирак бул өлкө менен чек арасын ачты. Премьер-министр Нури ал-Малики качкан-бозгон элди ошол жерде убактылуу жаткырып тейлей турган эки лагерь курууну да буйруду.

Сирияда абал кескин курчуп кеткен соңку күндөрү Ирак бул өлкө менен чек арасын жапкан болчу. Эми ал окуядан төрт күн өтүп-өтпөй өкмөттүн башчысы Нури ал-Малики Сириядан мекенине качкан ирактыктарды, ошондой эле, сириялыктарды кабыл алыш үчүн чек араны ачууну буйруду.

Маликинин бул чечими өлкөдө деги чек араны ачыш керекпи-жокпу деген талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан чакта чыгып отурат. Анткени 2000-жылдардын ортосунда Иракта атышуулар болуп, согуш тутанып турган учурда Сирия көптөгөн ирактык качкындарды кабыл алган.

Кечээ өкмөттөн билдиришкендей, ирак-сирия чек арасында эки лагерь курулат.

Мындан сырткары, Күрт провинциясында Бириккен улуттар уюмунун лагери иштеп жатат.
Ирак менен Сириянын негизги чек ара бекети "Рабиа" бекетине ирактык бажы полициясынын аскерлери жайгаштырылды, 23-июль, 2012
Ирак менен Сириянын негизги чек ара бекети "Рабиа" бекетине ирактык бажы полициясынын аскерлери жайгаштырылды, 23-июль, 2012
Ирактын ички иштер министринин чек ара иштери боюнча орун басары, генерал Ахмед ал-Кафажи элди көбүрөөк дал ошол жакка барууга үндөдү.

"Дохукта Улуттар уюмунун жетекчилиги астында лагерь иштейт. Биз канча качкын келиши мүмкүндүгүн болжоп, ошого жараша даярданып жатабыз, - деди Кафажи. - Биздин Сирия менен чек арабыздын көпчүлүк бөлүгүн чөл ээлейт. Ошондуктан көп деле адам болот деп ойлобойбуз. Эгер түндүктөн – Камишли, Дурабин – деген жерлерден адамдар келип калса, аларды ошол Дохуктагы Улуттар уюмунун лагерине жиберебиз".

Ирак менен Сириянын 600 чакырымга созулган чек арасынын 500 чакырымы чөлдөн турат. Азыр Ирактын өкмөтү көпчүлүк элди Ал-Валид посту аркылуу келет деп күтүп жатат.

Ачык чек ара саясаты

Акыркы 10 жылда, өзгөчө Ирактагы согуш күчөп турган 2006-2007-жылдары, миңдеген ирактыктар Сирияга өтө качышкан. Бул өлкө Ирактан качкындарды узакка чейин кеңири кабыл алып турганы маалым. Быйыл январда Улуттар уюмунун качкындар комитети Сирияда 1 млн.дой ирактык качкын жашап жатканын кабарлаган эле.

Ошол качкындардын бири, бир нече жылдан бери Сирияда жашаган ирактык Асад Ахмед президент Башар ал-Асадга чексиз ыраазы экенин, анткени ал Сирияда ирактыктарды жергиликтүү калк менен бирдей укукта кароо саясатын жүргүзгөнүн, ирактыктарга бул өлкөдө билим алуу, медициналык жардамдын баары бекер болгонун айтат. “Сирия ирактыктарды кабыл алды”, - дейт Ахмед.

“Эми мезгил алмашып, Сирияда мындай тополоң болуп турган чакта биз кошуна өлкөгө далыбызды сала албайбыз”, - дейт ирактык министрдин орун басары ал-Кафажи.

"Мурдагы режимдин тушунда биздин сириялык боордошторубуз элибизди жылуу кабыл алганын жокко чыгара албайбыз. Эми азыр биз аларга кандай мамиле кылмак элек?", - дейт ал.

Улуттар уюму жана Ирак өкмөтүнөн кабарлашкандай, акыркы күндөрү ирактык 10 миңдей киши Сириядан качкан. Дагы 80 миңдей адам дале Сирияда калып жатканы айтылууда.

Расмий Багдад кайра мекенине кайткан качкындарга жардам болсун деген ниетте алардын күнүмдүк тиричилигине деп 3 миң доллардан акча бөлөөрүн билдирди. Өкмөттөн билдиришкендей, качкындарга жардам иретинде 42 млн.доллар бөлүндү.

Бирок өкмөт башчы ал-Маликинин чечимин Ирактын өзүндө баары эле колдой бербейт. Айрым депутаттар “Сириядан куралчан топтор Иракка киришине да жол берилет” деп чочулап жатышканын айтышууда.

Ал арада Сириянын өзүндө өткөн дем алыш күндөрүнөн бери эң ири шаар Алеппого көзөмөлдүк кылууга аракет кылган оппозицияга каршы шейшембинин кечинен бери өкмөттүк аскерлер жерден да, абадан да катуу чабуулун жүргүзүп жатканы кабарланды.

Айрым маалымат агенттиктеринин кабарчылары Сирияда былтыр мартта өкмөткө каршы толкундоо башталгандан бери алгачкы жолу Алепподо азыр өкмөттүк аскерий учактар жайкын тургундар жашаган райондорду аткылап жатканын айтууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG