Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Лондон Олимпиадасында дипломатиялык чатак чыкты

Лондон Олимпиадасынын ачылыш аземи эртең болмокчу, бирок мелдештер кечээ эле башталды. Жана дароо дипломатиялык инцидент тутанды. Колумбия менен беттешээрдин алдында түндүк кореялык кыз-келиндердин футбол командасы алардын сүрөттөрү чоң экранда Түштүк Кореянын желеги менен коштолгонуна нааразы болуп, оюн бир саат кечигип башталды. Уюштуруу комитети ката үчүн кечирим сурады. Матчты Түндүк Корея 2-0 эсебинде жеңди.
XS
SM
MD
LG