Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өкмөттүк күчтөр менен кагылышкан куралдуу топтор куралсыздандырылып, сот жообуна тартылууга тийиш деп билдирди. Рахмон шаршембиде өз ыктыяры менен колго түшүп бергендерге мунапыс берерин убада кылган.
Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймактагы атайын операция 21-июлда коопсуздук комитетинин генералы киши колдуу болгондон кийин башталган. Бийлик “согушкерлер” деп атаган топтор менен кагылышта 60тай киши набыт кетти.
АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги чөлкөмдөгү жайкын тургундардын коопсуздугуна байланыштуу камтамасын билдирди. Элчилик окуяларды адилет тергөөгө, камакка алынгандардын укуктарын сактоого үндөдү.