Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Лондон-2012: кыргыз спортчулары мелдештерге чыга элек


Олимпиаданын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 30-июлга караган түнкү саат 12де (Бишкек убактысы) кыргыз спортчуларынан алгач болуп оор атлетчи Бекзат Осмоналиев олимп оюндарына чыкмакчы. Ал 62 килограмм салмакка чейинки оор атлетика боюнча мелдеште өлкө намысын коргойт. Андан кийин 30-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Руслан Исмаилов 10 метрге мылтык атуу боюнча мелдешке катышат. Ушул эле күнү Илья Игнатьев парустук спортто таймашат.

Келе жаткан жумада кыргыз спортчулары бейшемби күндөн тышкары күн сайын оюндарда катышат экен. Маселен, экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы күндөрү биздин спортчулар парустук спорт, сууда сүзүү жана дзюдо боюнча оюндарда катышат. Эмки жекшембиде болсо Юлия Андреева жеӊил атлетика, Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнөв грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге катышат.

Лондон Олимпиадасы башталгандан бери Казакстандын, Орусиянын жана Кытайдын спортчулары алтын, Өзбекстандын спортчусу коло медалга ээ болду. (ТТо)

XS
SM
MD
LG