Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Ак Үй: Иракта 200 млн. доллар “бекер коротулган”


АКШ өкмөтү өткөзгөн текшерүү Ирак полициясын машыктырганга чегерилген 200 миллион доллар пайдасыз кеткенин аныктаган. Полицияны машыктыруу программасы 5 жылга эсептелген. Иракты реконструкциялоо боюнча башкы инспекциянын маалымдашынча, Багдадда 108 милиион долларга полицияны машыктырчу жана жайгаштырчу атайын жайлар курулган. Дагы 98 миллион доллар Басрада машыктыруу базасын курганга кеткен. Бирок эки жердегиси тең пайдаланылбай жабылган. Докладда Ирактын ички иштер министринин орун басары программаны “пайдасыз” деп атаганы белгиленет.

XS
SM
MD
LG