Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Баткен: талаштуу жердин тагдыры каралууда


Кыргыз-тажик чегиндеги Арка айылы. Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чегиндеги Арка айылы. Баткен облусу.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия талаштуу жердин маселесин карап жатат.

Паритеттик комиссиянын кезектеги жыйыны Тажикстандын Баткенге чектеш Исфара шаарында өтүп жатат. Анда негизги маселе катары 3 жылдан бери токтоп турган Лейлек районунун төмөнкү аймагын кошуна өлкөдөн көз карандысыз кылуучу Максат - Кулунду көпүрөсү жайгашчу аймактын маселеси каралууда.

Кошуналар талаш жерди дагы ижарага бергиси барбы?

Кыргызстан жалпысынан Тажикстан менен 1000 чакырымдай чектешип турса, анын 700 чакырымга жакыны Баткен облусунда. Талаштуу делген жерлердин көпчүлүгү да ушул облустун аймагында. Эки өлкө ортосундагы буга чейин такталган тилкелер негизинен калк жашабаган тоолуу аймактарда. Ал эми тактала элек бөлүктүн баары калк жашаган, түзөң жерлерде. Азыр мындай талаш жараткан жерлер шарттуу чек ара боюнча турат.
Кошуналар мурдакыдай кылып дагы бизге ижарага берели деп жатат. Эми андайга барбайбыз, анткени ал жер али тактала элек. Мүмкүн бизге тиешелүү болуп чечилет. Өзүбүздүн жерибизди өзүбүз ижарага албайбыз да...



Чек аралардын ушул күнгө дейре такталбай келиши кошуна эки элдин ортосунда келишпестиктерди пайда кылып, маселе утурумдук басты-басты менен калып, чечилбеген бойдон турат. Азыр бир эле Баткен районунда 46 жер ушундай чыр-чатактуу катары белгиленип келет. Лейлек районунда мындай жерлер бир топ.

Маселен бул райондун Кулунду айыл аймагындагы 78 гектар жер да ушундай абалда. Мунун айынан кыргыз тарап Тажикстанга кирбей өтүүчү көз карандысыз жол курууну баштай албай турат.

Кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров эки өлкөнүн паритеттик комиссиясынын бул жолку жолугушуусунда башкы маселе катары Максат - Кулунду көпүрөсү курулчу ушул аймак каралаарын айтат. Ал кошуналар бул жолу да али такталбаган талаш участокту Кыргызстанга расмий ижарага берүүнү ниет кылып жатканын, бирок буга чейин, мурдагы бийликтин тушунда ушундай амалга макул болгон Кыргызстан эми андай ката кайталануусуна жол бербесин кошумчалады:

- Бул жолку жолугушууда ушул Максат көпүрөсү курулчу аймакты карайбыз. Мурдагы Бишкекте өткөн жолугушууда бул маселе чечилбей калган. Кошуналар мурдакыдай кылып дагы бизге ижарага берели деп жатат. Биз мурда 275 метр жерди ижарага алганбыз да. Ошол ыкмага салабыз деп жатат. Эми андайга барбайбыз, анткени ал жер али тактала элек. Мүмкүн бизге тиешелүү болуп чечилет. Өзүбүздүн жерибизди өзүбүз ижарага албайбыз да. 78 гектар аянттагы бул жер документтерге таянсак, бизге тиешелүү болуп турат.

2009-жылы кыргыз тарап көпүрө куруу үчүн ушундай эле талаштуу делген жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу боюнча келишимге кол койгон эле. Кыргызстан тактала элек жерди Тажикстандыкы деп таанып койгон мындай келишим учурунда жергиликтүү коомчулукта нааразылыктарды жараткан.

Жылма миграцияны кантип тособуз?

Канткен менен Баткен менен Тажикстандын Согди облусунун чектеш аймактарындагы талаштуу аймактардын тагдырын чечүү кыйла кыйынга турчудай. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр да дал ушундай аймактарга келгени ордунан жылбай калды. Бул арада жылма миграция күчөп, калктын жыштыгынан улам кошуна өлкө жарандары улам Кыргызстанды көздөй жылууда.

Жергиликтүү талдоочу Адылбек Акматов мындай учурда кыргыз тарап да чек ара аймактарына калкты отурукташтыра бергени туура деп эсептейт:

- Чек арага жакын жерлерге калкты отурукташтыруу керек. Анткени кошуна өлкө ушундай ыкма менен чек арада иштеп жатат. Эл отурукташса тосмо болуп, чек ара кыскарбайт эле дегендер көп.

Лейлек районунун аймагында эле кошуналар 640 гектар аянтка кирип келгени көптөн бери айтылып келет.
Канткен менен чек араларды аныктоо боюнча өкмөт аралык комиссиялар азырга чейин укуктук негизде тил табыша элек. Башкача айтканда чек араны кайсы жылкы карта менен тактайбыз деген маселе башы ачылбаган бойдон турат:

- Түзөң жерлерди тактоо иштери кыйынчылык жаратууда. Анткени азыр Тажикстан менен укуктук негиз жок болуп жатат чек араны тактоого. Ошондуктан эки тараптын көз караштары дал келген жерлерде гана тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Эки өлкөгө тең дал келген кайсыл документтин негизинде караарыбыз алиге так эмес, - дейт кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров.

Өкмөт өкүлү жылма миграция улам күчөп, кайсыл бир өлкө чек арасы кыскарып жаткан учурда эки өлкөнүн паритеттик комиссиясы туруктуу иштеп, чек араларда бирдиктүү тактоо жүрсө маселе аз-аздап чечиле бермегин, бирок ага чейин чек араны ошол калыбында кармап турууга чек арачылардын алсыздыгы да маселе жаратып жатканын кошумчалады:

- Биздин чек ара кызматынын күчү жетпей жатат. Муну ачык айтыш керек, чек арачыларыбыз бардык аймакты көзөмөлдөй албай жатат. Чек арачылардын санын көбөйтөбүзбү, күчтөндүрөбүзбү, кандай болсо да чек араны коргоону жандандырыш керек.

Облус губернатору Жеңиш Разаков болсо чек арада мындай чырлуу аймактар көп экенине карабай эки элдин мамилеси, кызматташтык негизинен жакшы экенин айтат:

- Тажикстан менен бардык тармакта кызматташуу жакшы. Ар кандай иш-чаралар тынымсыз өтүп турат. Бирок жергиликтүү деңгээлде Өзбекстандын кошуна облустары менен кызматташууну жакшы жолго койо албай жатабыз.

Жыл башында Тажикстандын тышкы иштер министрлиги 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдиргени бар. Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн азыркы абалына караганда чек ара тактоо иштери алы-бери аягына чыкчудай көрүнбөйт.

XS
SM
MD
LG