Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Лондон 2012: Бүгүн таймашка Айсулуу Тыныбекова чыгат


Бүгүн Лондон олимпиадасында аялдар күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча кечки алтыдан кийин башталат. Тыныбекова 63 кг салмактык категорияда таймашат. Буга чейинки мелдештерде кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ боло алган жок.

Олимпиадага аз калганда Айсулуу Тыныбекованы көчөдөн бир кызды сабады деп сотко чакырышкан. Териштирүү ал Лондондон келгенден кийин кайра уланат. Айсулуу өзүн күнөөлүү эмесмин деп айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG