Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

9-августка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
8-12-августта республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөр жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы
9-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 27...32,
Баткенде түнкүсүн 16...21 күндүз 29...34 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21 күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, чыгыш тарабында 6...11, күндүз 20...25, чыгыш тарабында 23...28
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 21...26,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 7...12 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшу мүмкүн. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 12 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 32...34 градус болот.

Бүгүн (8-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 20 градус болду.

XS
SM
MD
LG