Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Филиппинде селден кийинки абал оор


Филиппинде эк жума бою көнөктөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп жатат. Филиппиндин борбору Манилада дүйшөмбү күндөн тарта 16 киши мерт болду. Анын ичинен тогузу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын үйүн жер көчкү басып калган.

Куткаруучулардын эсебинде, 800 миң киши азыр жардамга муктаж болуп турат. Бийликтин маалыматында, Маниланын 60 пайыз аймагын суу каптаган. Ондогон үй-жайсыз калган шаар тургундары эвакуация борборуна жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG