Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Ош: Алты мектеп жаңы окуу жылын чатырда баштайт


Ош облусундагы алты мектеп жаңы окуу жылын чатырларда баштайт. Алардын үчөө Ноокатта, экөө Кара-Сууда жана бирөө Алай районунда. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын билим берүү, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, окуу жылын чатырда баштап жаткан мектептердеги окуучулардын жалпы саны 900дөн ашат. Аталган мектептердин имараты өткөн кышта кардын калың жаашынан жана жазгы селдерден жабыркап, керектен чыгып калган.

Андан сырткары Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорундагы эки мектептин окуучуларына сабак үйлөрдүн биринде өткөрүлүп турат.

Учурда мектеби жарабай калган бардык айылдарда мамлекет жаңы мектеп салып жатат. Бирок адистердин айтымында быйылкы окуу жылына карата курулуш иштери бүтө турган эмес.(SE/RK)

XS
SM
MD
LG