Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Ирандагы зилзала адам өмүрлөрүн кыйды


Мамлекеттик сыналгынын Бишкек убактысы боюнча түнкү он экиге карата кабарына караганда, Ирандын түндүк-батышындагы жер силкинүүдөн кеминде 80 киши мерт кеткен, 400дөй киши жараат алды. Курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымал.

Ишембиде кеч курун болгон жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Чыгыш Азербайжан провинциясындагы Ахар шаарчасынан депутат Аббас Фалланын айтымында, алтымыштай кыштак катуу бузулган жана жардамга абдан муктаж болуп турат.

Ирандын Студенттер кабар агенттиги жер силкинүүсүнөн 6 кыштак толугу менен, 60тай кыштак 50-70% бузулганын кабарлады.

Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунун кабарына караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллды түзүп, очогу Тебриз шаарынан алтымыш чакырым аралыкта орун алган.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, Ирандын аймагындагы бул жолку жер силкинүүнүн алгачкысынын күчү 6,3, андан кийинкиси 6,4 баллга жеткен.

Ишембидеги зилзаладан улам 1,5 миллион калк жашаган Табриз шаарынын тургундары арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр болгон.

Жер силкинүүнүн күчү коңшу Армениянын борборунда да сезилип, Ереванда айрымдар үйлөрүнөн көчөлөргө чуркап чыгышкан.

Армян бийликтери баштапкы маалыматтар боюнча зилзаладан олуттуу зыян болбогонун билдиришти. Ирандагы зилзаланын күчү Азербайжанда да сезилген. (UE)

XS
SM
MD
LG