6-сентябрдан 9-сентябрга чейин Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында “Ысык-Көл берметтери” аттуу жаштардын фестивалы өтөт. Анын уюштуруучусу, жарандык активист Назира Райымкулованын “Азаттыкка” билдиришинче, фестивалга Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Германия, Тажикстан, Өзбекстандан таланттар келип, алар ыр-бий боюнча күч сынашат. Иш-чара Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүп, аларды элге тааныштырууну көздөйт. Фестиваль “АПРА медиа груп” компаниясынын көмөгү менен уюштурулмакчы. (KKs)