Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Орусияда “Pussy Riot” тобунун ырчыларына сот өкүмү угузулууда


Ырчылар сот залында. 17-август, Москва.
Ырчылар сот залында. 17-август, Москва.
Бүгүн өкүм чыгарып жаткан сот аталган топтун үч аял ырчысын Москвадагы борбордук чиркөөдө ырдаган учурунда диний жек көрүүчүлүк жүйөөсүнөн улам бейбаштыкка барган деп тапты. Мурдарак прокурорлор сотто айыпкерлерди үч жылдан түрмөгө кесүүнү суранган.

Ырчылар болсо динзарларга шек келтирүүнү көздөбөгөнүн, алар 21-февралда чиркөөдө өткөргөн акция президент Владимир Путиндин президенттик кызматка кайра баруу чечимине нааразылык билдирүү болгонун айтышкан.

Ырчылардын үстүнөн сот иши эл аралык сынга кабылып, “Pussy Riot” тобун Мадонна өңдүү белгилүү поп жылдыздар коргоп чыгышты. Айыпкерлердин адвокаттарынын бири Николай Полозов мындай дейт:

- Биз эң башынан эле биз коргогондор кылмыш жасаган эмес, алардын аракеттеринде кылмыш жок, андыктан мындай шартта жалгыз мыйзамдуу өкүм – актоо деп билдиргенбиз.

Бүгүн “Pussy Riot” тобун коргоо боюнча акциялар Орусия шаарларында, украин борбору Киевде өтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG