Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Пан Ги Мун Иран жетекчилерин сындады


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ирандын жогорку лидери жана президентинин Израилге айткан билдирүүсүн кескин сынга алды.

Жума күнү Ирандын бийлиги уюштурган каршылык акциясында миңдеген катышуучулар "Америкага өлүм", "Израилге өлүм" деп кыйкырышкан. Өлкөнүн президенти Махмуд Ахмадинежад чогулгандарга кайрылуусунда "Жакынкы чыгышта Израиль сыяктуу мамлекетке орун жок" деген. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи болсо массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда "еврей мамлекети эртеби-кечпи жок болот" деп айткан.

Алар мындай билдирүүнү басма сөздө пайда болгон "Израиль Ирандын ядердик объекттерине сокку урат" деген маалыматтан улам жасап жатканы айтылууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG