Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Жаныш Бакиевди Минск шаарынан көрүштү


Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012.
Жаныш Бакиев Минскиде, 17-август, 2012.
Михаил Пашкевич аттуу Беларустагы жарандык активист Facebook баракчасы аркылуу Жаныш Бакиевдин сүрөттөрүн жарыялады. Анын жазганына караганда, 17-августта Минск шаарынын борборунда Карл Маркс деп аталган көчөдө “Грюнвальд” деп аталган жайкы кафеден чыгып баратканда көрүп калып, тартып алган. Сүрөттөрдө мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы эки адам менен турат.

Курманбек Бакиев бийликтен кулагандан кийин Беларуска качып барган. Дагы бир тууганы Акмат Бакиев ушул жылдын май айынын башында жатак абактан качып кеткен. Ал да ушул өлкөгө барганы айтылып жүрөт.

Расмий Минск Курманбек Бакиевди өткөрүп берүү тууралуу Бишкектин сунушунан баш тартып келет. Кыргыз бийликтери апрель окуяларынын кийин Бакиевдерге эл аралык издөө жарыялаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG