Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз чек ара бекетинен беш адамды атып салып качып кеткен жоокерди издөөгө байланыштуу аталган аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов милиция күчөтүлгөн тартипке өткөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ак-Суудан башка да бардык райондордо, шаарларда жолдордо тосмо бекеттер коюлду. (EBM)