Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Ооганстанда согушчандар Баграм авиабазасына сокку урду


Кабулга жакын жайгашкан Баграм аскер базасына урулган ракеталык соккудан АКШнын куралдуу күчтөр штабындагы жетекчилердин бириккен комитетинин башчысы Мартин Демпси пайдаланып жүргөн учак жабыркады. Демпсинин өкүлү полковник Дейв Лапан өткөн түнү согушчандар америкалык базага эки ирет ракеталык сокку урганын тастыктады. Бул учурда америкалык генерал самолеттун бортунда жок болгондуктан, жабыркаган жок.

Демпси акыркы убактарда эл аралык аскер күчтөрүнө кол салуулар күчөп кеткенден улам, бул маселени НАТОнун командачылыгы жана ооган аскер башчылары менен талкуулоо үчүн Ооганстанга кечээ келген эле.

XS
SM
MD
LG