Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 15:27

Франция менен Грекиянын лидерлери жолугушту


Грекиянын премьер-министри Антонис Самарас менен Франциянын президенти Франсуа Олланд Парижде жолугушуп, Грекияга берилчү насыянын кийинки траншынын шарттары тууралуу сүйлөштү. Олланд Грекия берген убадасын аткарып, бюжеттик үнөмдү күчөтүп, Евроаймакта кала берээрине ишенээрин айтты. Грекия өкмөтү эл аралык карыздын кийинки траншын алуу үчүн Евробиримдиктин шарты боюнча 2015-жылга чейин бюджеттик чыгымдарды 11,5 миллиард еврого кыскартышы зарыл.

Самарас жума күнү Германия канцлери Ангела Меркель менен да кездешип, ушул эле карыз маселесин талкуулашкан болчу.

XS
SM
MD
LG