Президент Шимон Перес 1980-жылдагы террорчулук иштерге тиешеси бар деп айыбын өтөп жаткан 7 арабга дүйшөмбүдө мунапыс берди.
Узак мөөнөткө кесилип, мунапыска чыккандар Израилдин жарандары. Алардын арасында израилдик аскер кызматкерлер Авраам Бромберг жана Моше Тамамды өлтүрдү деп айыпталгандар дагы бар.
Президент Перес мунапыс берүү тууралуу чечимди атайын комиссиянын сунушу жана өлкөнүн юстиция министри менен кеңешкенден кийин кабыл алган.
Палестин автономиясы болсо Израилдин абактарында жаткан өз тургундарын эркиндикке чыгарууну такай талап кылып келет.