Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

КСДП премьерлик орун үчүн бир талапкерге токтой элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” коалиция түзүү жоопкерчилигин алган Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады. Бүгүн КСДП фракциясы премьерликке көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулады. Анын ичинде талапкер катары аты аталып жаткан президенттик администрация башчысы Жантөрө Сатыбалдиев фракцияга чакырылып, ага суроолор узатылды. Социал-демократтар акыркы чечимин жакын арада чыгарат.

“Талапкерлер көп. Биз реалдуураак, өтүшү мүмкүн болгон, башка да фракциялардын колдоосуна ээ боло турган талапкерлер тууралуу сөз кылып жатабыз. Ошондой 3-4 талапкер бар. Сатыбалдиев да ошолордун ичинде. Ал киши да эгер колдосоңор иштеп бергенге даярмын деп айтып жатат”, - деди Турсунбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын 27-августта тапшырган. Мыйзам боюнча 17-сентябрга чейин коалиция түзүлүп, премьер-министрликке талапкер көрсөтүлүп, өкмөттүн курамы бекитилиш керек. Андан соң маселени Жогорку Кеңеш карайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG