Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы гуманитардык кырдаалды талкуулайт


Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылган Франция кеңешке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин чогултуп, Сириянын аймагында качкындар үчүн баш калкалай турган коопсуз зоналарды түзүүнү талкуулайт. Жыйынга катышууга Франция менен Британиянын гана Тышкы иштер министрликтери макулдук берген. Ага Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча мекемесинин өкүлү дагы катышат.

Эл аралык коомчулуктун Сириядагы жаңы чабарманы Лахдар Брахими жакынкы 3 аптада Сирияга бара тургандыгын шаршембиде билдирди. Өткөн жумада алжирлик дипломат Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун ар кыл мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Брахими Коопсуздук кеңешине кайрылып, колдоо сураганы менен жаңжалды басуу боюнча иш-аракеттердин так планын сунуштай элек. Эмки аптада Сириядагы БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан менен кезигет, анын мандаты болсо 1-сентябрда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG