Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Коалиция түзүлгөнү эртең расмий жарыяланат


Башкаруучу коалицияны түзө турган "Ата Мекен", "Ар-намыс", Социал-демократтар фракцияларынын лидерлери 3-сентябрда коалициялык келишимге кол коюшат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фракциялар көпчүлүк коалициянын курамына кирүү боюнча чечим кабыл алып, расмий билдиришти. Ошондой эле оппозицияда калаары айтылган “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын айрым мүчөлөрү да көпчүлүк коалицияга кирээри макулдашылды.

Турсунбеков кошумчалагандай, коалицияны түзүү боюнча келишимге кол койгон соң, премьер-министрликке Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги сунушталат.

Буга чейин аталган үч фракция өкмөт башчылык үчүн президенттин азыркы аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон болчу.

Өткөн жылдын соңунда “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Республика” жана Социал-демократтар фракцияларынан куралган “Биримдик” коалициясы 22-августта “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракциялары чыгып кеткендиктен бузулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG