Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

НАТО Ооганстандагы окутууларын убактылуу токтотууда


НАТО өкүлдөрүнүн айтымында, алар чет элдик аскерлерге жасалган ички кол салууларга бөгөт коюу аракетинде Ооганстандын жергиликтүү полициясын жана атайын күчтөрүн окутуп-машыктырууну убактылуу токтотууда.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасынын НАТО өкүлүнө шилтеме жасап жазганына караганда, ооган армиясы менен улуттук полициясынын 350 миңден ашуун мүчөсүн машыктыруу улантыла берет. Бирок жергиликтүү полицияда жана атайын күчтөрдө кызмат өтөөчү 20 миң ооганды машыктыруу америкалык машыктыруучулар текшерүүнүн күчөтүлүгөн жол-жобосун киргизгенге чейин токтоп турат.

Мындай кадам акыркы бир айда эле машыгып жаткан оогандар жасаган кол салуудан АКШ жана эл аралык күчтөрдүн он беш өкүлү мерт болгон учурда жасалууда.

Буга чейин жарыялагандай, АКШ жана НАТО күчтөрү Ооганстандан 2014-жылы чыгып кетүүсү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG